Информация о репатриации

Выписка

 

    Утверждена
постановлением Правительства Кыргызской Республики
от 16 мая 2018 года № 236

ИНСТРУКЦИЯ
о порядке единовременной выплаты на расходы по репатриации тел граждан Кыргызской Республики, умерших за рубежом

  1. Общие положения
  2. Настоящая Инструкция определяет порядок единовременной выплаты на расходы близким родственникам или лицам, осуществляющим затраты на репатриацию тел граждан Кыргызской Республики, умерших за рубежом.
  3. Финансирование расходов, связанных с доставкой в Кыргызскую Республику тел граждан Кыргызской Республики, умерших за рубежом, производится в пределах средств, предусмотренных Информационно-консультационному центру Государственной службы миграции при Правительстве Кыргызской Республики (далее — ИКЦ) на соответствующий год.
  4. Единовременная выплата на расходы по репатриации тел граждан Кыргызской Республики, умерших за рубежом (далее — единовременная выплата), производится в национальной валюте Кыргызской Республики на территории Кыргызской Республики, путем перечисления на расчетный счет.
  5. Заграничные учреждения Кыргызской Республики оказывают содействие ИКЦ в подтверждении факта смерти гражданина Кыргызской Республики.
  6. Право на получение единовременной выплаты
  7. Право на получение единовременной выплаты имеет один близкий родственник или лицо, осуществившее непосредственные расходы, связанные с транспортировкой в Кыргызскую Республику тела гражданина Кыргызской Республики, умершего за рубежом (далее — получатель).
  8. Получателем может быть только одно лицо, на которое оформлены документы, подтверждающие факт оплаты расходов.
  9. Выплаты от имени получателя также может получить и иное лицо по нотариально заверенной доверенности.
  10. Заявление на получение единовременной выплаты должно быть подано в ИКЦ не позднее трех месяцев со дня смерти гражданина Кыргызской Республики.

III. Порядок обращения получателя для получения единовременной выплаты

  1. Для получения единовременной выплаты получатель подает заявление на имя директора ИКЦ по форме согласно приложениям 1 или 2 к настоящей Инструкции, с предъявлением паспорта.
  2. К заявлению согласно приложениям 1 и 2 прилагаются следующие документы:

1) в случае если получателем является близкий родственник, в том числе когда он является лицом, осуществившим непосредственные расходы, связанные с транспортировкой:

— копия паспорта получателя;

— копии документов, подтверждающих родство (свидетельство о браке, свидетельство о рождении);

— нотариально заверенная копия свидетельства о смерти;

2) в случае если получателем является лицо, осуществившее непосредственные расходы, связанные с транспортировкой, не являющееся близким родственником умершего:

— копия паспорта получателя;

— нотариально заверенная копия свидетельства о смерти;

— официальные сопроводительные документы (договоры на оказание транспортных услуг, доверенность на сопровождение тела, акты о запайке гроба, а также справка об отсутствии инфекционных заболеваний умершего);

— документы, подтверждающие оплату получателем расходов, связанных с доставкой на родину тела гражданина Кыргызской Республики, умершего за рубежом.

  1. В случае если репатриация тела гражданина Кыргызской Республики, умершего за рубежом, еще не осуществлена, получатель подает письменное заявление по форме согласно приложению 2 к настоящей Инструкции, с обязательством представить нотариально заверенное свидетельство о смерти. При этом получателем может быть только близкий родственник умершего.
  2. В случае если получателем является лицо, не являющееся близким родственником умершего и осуществившее оплату непосредственных расходов, связанных с транспортировкой в Кыргызскую Республику тела гражданина Кыргызской Республики, умершего за рубежом, производится компенсация документально подтвержденных расходов, связанных с транспортировкой тела от места нахождения на территории иностранного государства до конечного пункта на территории Кыргызской Республики. При этом, общий размер выплаты не может превышать установленный Правительством Кыргызской Республики размер единовременной выплаты.

В случае если получателем является близкий родственник умершего и лицом, осуществившем оплату непосредственных расходов, ему выплачивается единовременная выплата в размере, установленном Правительством Кыргызской Республики.

  1. Ответственность за достоверность предъявленных документов несет получатель в соответствии с законодательством Кыргызской Республики.
  2. Заявление регистрируется в ИКЦ, по месту подачи заявления, в отдельном журнале, с указанием фамилии, имени, отчества заявителя (полностью), адреса регистрации, адреса фактического проживания и перечня представленных документов.
  3. Порядок рассмотрения заявлений и выплаты компенсации расходов по репатриации тел граждан Кыргызской Республики, умерших за рубежом
  4. ИКЦ принимает подлинники необходимых документов для единовременной выплаты, указанных в пунктах 9 и 10 настоящей Инструкции.

Подлинники необходимых документов для единовременной выплаты и копии представленных документов хранятся в течение двух лет.

  1. ИКЦ, после получения заявления, проверяет полноту, достоверность представленных документов, в течение трех рабочих дней рассматривает заявление и принимает решение.
  2. ИКЦ принимает следующие решения:

1) о единовременной выплате (положительное решение);

2) об отказе в выплате (отрицательное решение) в случае если:

— умершее лицо, не являлось гражданином Кыргызской Республики;

— отсутствуют необходимые документы, предусмотренные пунктом 10 настоящей Инструкции.

  1. Решение ИКЦ оформляется протоколом и получатель письменно уведомляется о принятом решении в однодневный срок.
  2. При положительном решении о единовременной выплате получателю, ИКЦ перечисляет денежные средства на указанный в заявлении получателя расчетный счет в банке, в течение трех рабочих дней.
  3. Получатель предупреждается об ответственности в соответствии с законодательством Кыргызской Республики в случае несвоевременного предоставления указанных документов, а также праве ИКЦ обратиться в судебные органы по взысканию полученной суммы с учетом штрафных санкций.
  4. В случае если репатриация тела гражданина Кыргызской Республики, умершего за рубежом, еще не осуществлена, получатель представляет в ИКЦ нотариально заверенное свидетельство о смерти, официальные документы, подтверждающие транспортировку тела умершего, в течение одного календарного месяца со дня получения денежных средств.

В случае несвоевременного представления документов, ИКЦ обращается в правоохранительные и судебные органы для взыскания выданной суммы и привлечения получателя к ответственности.

  1. Решения ИКЦ, принимаемые при рассмотрении заявления о единовременной выплате, могут быть обжалованы в судебном порядке.
  2. Порядок обжалования действий (бездействия) уполномоченного органа в сфере миграции и (или) его должностных лиц устанавливается в соответствии с Законом Кыргызской Республики «О порядке рассмотрения обращений граждан» и Законом Кыргызской Республики «Об основах административной деятельности и административных процедурах».

_______________________________________________________________________________________________________________

Көчүрмө бөлүк

 

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2018-жылдын 16-майындагы
№ 236 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча чыгымдарга бир жолку төлөм берүүнүн тартиби жөнүндө
НУСКАМА

  1. Жалпы жоболор
  2. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча чыгым тарткан адамдарга же жакын туугандарына бир жолку төлөм берүүнүн тартибин аныктайт.
  3. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борборунун (мындан ары — МКБ) тийиштүү жылга каралган каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт.
  4. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча чыгымдарга бир жолку төлөм берүү (мындан ары — бир жолку төлөм) Кыргыз Республикасынын аймагында алыш-бериш эсебине которуу жолу менен Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында ишке ашырылат.
  5. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери Кыргыз Республикасынын жаранынын кайтыш болгон фактысын ырастоодо МКБга көмөк көрсөтүшөт.
  6. Бир жолку төлөм алуу укугу
  7. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайгыш болгон жаранынын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү менен түздөн-түз байланышкан чыгымдарды тарткан адам же бир жакын тууганы (мындан ары — алуучу) бир жолку төлөм алууга укуктуу.
  8. Акы төлөө фактысын ырастоочу документ таризделген бир адам гана алуучу болуп саналат.
  9. Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча алуучунун атынан башка адамдар дагы төлөмдөрдү ала алат.
  10. Бир жолку төлөмдү алуу арызы Кыргыз Республикасынын жараны кайтыш болгон күндөн тартып үч айдан кем эмес мөөнөттө МКБ берилүүгө тийиш.

III. Алуучунун бир жолку төлөмдү алуу үчүн кайрылуу тартиби

  1. Бир жолку төлөмдөрдү алуу үчүн алуучу паспортун көрсөтүү менен, ушул Нускаманын 1же 2-тиркемесине ылайык МКБнын директорунун наамына арыз жазат.
  2. 1же 2-тиркемеге ылайык берилүүчү арызга төмөнкү документтер тиркелет:

1) эгерде алуучу жакын тууганы болуп саналса, анын ичинде сөөктү жеткирүү менен түздөн-түз байланышкан чыгымдарды тарткан адам болсо:

— алуучунун паспортунун көчүрмөсү;

— туугандыгын тастыктаган документтердин (никеси тууралуу күбөлүк, төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк) көчүрмөсү;

— кайтыш болгондугу тууралуу нотариустан алынган күбөлүктүн көчүрмөсү.

2) эгерде алуучу сөөктү жеткирүү менен түздөн-түз байланышкан чыгымдарды тарткан кайтыш болгондун жакын тууганы эмес адам болуп саналса:

— алуучунун паспортунун көчүрмөсү;

— кайтыш болгондугу тууралуу нотариустан алынган күбөлүктүн көчүрмөсү;

— расмий коштомо документтер (транспорт кызматын көрсөтүү келишими, сөөктү коштоп барууга берилген ишеним кат, табыттын жабылгандыгы жөнүндө акт, ошондой эле кайтыш болгондо инфекциялык оорулардын жоктугу жөнүндө маалымкат);

— Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жаранынын сөөгүн мекенине жеткирүү менен байланышкан чыгымдар алуучу тарабынан төлөнгөндүгүн ырастоочу документтер.

  1. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жаранынын сөөгү репатриациялана элек болсо, алуучу ушул Нускаманын 2-тиркемесинеылайык форма боюнча жазуу жүзүндө арызды жана кайтыш болгондугу тууралуу нотариустан алынган күбөлүктү милдеттүү түрдө берет. Мында алуучу кайтыш болгон адамдын жакын тууганы гана болушу мүмкүн.
  2. Эгерде алуучу кайтыш болгондун жакын тууганы болбосо жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жаранынын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү менен байланышкан түздөн-түз чыгымдарды тарткан адам болуп саналса, анда сөөктүн чет мамлекеттин аймагында жайгашкан жеринен баштап Кыргыз Республикасынын аймагындагы акыркы дайындалган пунктуна чейин жеткирүү менен байланышкан документ түрүндө ырасталган чыгымдар компенсацияланат. Мында төлөмдүн жалпы өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген бир жолку төлөмдүн өлчөмүнөн ашпашы керек.

Эгерде алуучу кайтыш болгондун жакын тууганы жана түздөн-түз чыгымдарды тарткан адам болуп саналса, анда ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө бир жолку төлөм берилет.

  1. Берилген документтердин тууралыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алуучуга жүктөлөт.
  2. Арыз берилген жери боюнча МКБда өзүнчө журналда, арыз ээсинин аты-жөнүн (толугу менен), катталган дарегин, иш жүзүндө жашаган дарегин жана берилген документтердин тизмегин көрсөтүү менен катталат.
  3. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча арыздарды кароонун жана чыгымдарга компенсация төлөөнүн тартиби
  4. Ушул Нускаманын 9 жана 10-пункттарында көрсөтүлгөн бир жолку төлөм үчүн зарыл болгон документтердин түп нускаларын МКБ кабыл алат.

Бир жолку төлөм үчүн зарыл болгон документтердин түп нускалары жана берилген документтердин көчүрмөлөрү эки жыл бою сакталат.

  1. МКБ арызды алгандан кийин, тапшырылган документтердин толуктугун, аныктыгын текшерет, үч жумушчу күндүн ичинде арызды карап чыгат жана чечим кабыл алат.
  2. МКБ төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:

1) бир жолку төлөм берүү жөнүндө (он чечим);

2) төлөм берүүдөн баш тартуу жөнүндө (терс чечим), эгерде:

— кайтыш болгон адам Кыргыз Республикасынын жараны болбосо;

— ушул Нускаманын 10-пунктунда каралган зарыл болгон документтер жок болсо.

  1. МКБнын чечими протокол түрүндө таризделет жана алуучу кабыл алынган чечим тууралуу жазуу жүзүндө бир күндүк мөөнөттө кабарланат.
  2. Алуучуга бир жолку төлөм берүү жөнүндө оң чечим кабыл алынган учурда МКБ үч жумушчу күндүн ичинде арызда көрсөтүлгөн алуучунун банктагы алыш-бериш эсебине акча каражаттарын которот.
  3. Көрсөтүлгөн документтер өз убагында берилбеген учурда алуучуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик жөнүндө, ошондой эле, айып санкцияларын эске алуу менен алынган сумманы өндүрүү боюнча МКБ сот органдарына кайрылууга укуктуу экендиги эскертилет.
  4. Эгерде чет өлкөдө кайтыш болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын сөөгү репатриациялана элек болсо, алуучу МКБга кайтыш болгондугу тууралуу нотариустан алынган күбөлүктү, кайтыш болгондун сөөгүн жеткирүүнү тастыктаган расмий документтерди акча каражаты алынган күндөн тартып бир календардык айдын ичинде берет.

Документтер өз убагында берилбеген учурда МКБ берилген сумманы өндүрүү жана алуучуну жоопкерчиликке тартуу үчүн укук коргоо жана сот органдарына кайрылат.

  1. МКБнын бир жолку төлөм берүү жөнүндө арызды кароо учурунда кабыл алынган чечимине сот тартибинде даттанууга болот.
  2. Миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана (же) анын кызмат адамдарынын аракетине (аракетсиздигине) даттануу тартиби «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынажана «Административдик иштин жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынаылайык белгиленет.