Кыргыз Республикасынын Украиндагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шариповдун жана Украинанын Улуттук илимдер академиясынын Президенти Б.Патон менен жолугушуусу

Үстүбүздөгү жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын Украиндагы Элчилигинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Украиндагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шариповдун жана Украинанын Улуттук илимдер академиясынын Президенти Б.Патон менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушуунун учурунда Кыргыз Республикасынын жана Украинанын ортосундагы илим жана илимий технологияларды өнүктүрүү жаатында эки тараптуу кызматташуу талкууланган. Украин тарабы Эл аралык илимдер академиясынын ассоциациясынын алкагында кызматташууну жана иш-алып барууну дагы да өнүктүрүү керек экендигин баса белгиледи. Кыргыз Республикасынын жана Украинананы Илимдер академияларынын ортосунда 2009-жылы эки тараптуу кызматташуу жөнүндө Келишимге кол коюлган, тараптар аталган Келишимди азыркы учурдун талабына жараша туура келтирип, кайрадан кол коюууга кызыктар экендигин билдиришти.

Тараптар Кыргыз Республикасынын жана Украинанын илим жаатында бар болгон кызматташууну дагы да өнүктүрүүгө кызыктар экендигин билдирди.

Фото: