2019-жылдын 8-майында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги, коомдук бирикме «Тосор Коому» өкүлдөрү (Ысык Көл областы) жана Днепропетровск областындагы кыргыз диаспорасы Советтер союзунун баатыры Мукаш Салакуновдун жаркын элесине арналган № 52 орто мектеп даярдаган иш-чарага катышышты.

2019-жылдын 8-майында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги, коомдук бирикме «Тосор Коому» өкүлдөрү (Ысык Көл областы) жана Днепропетровск областындагы кыргыз диаспорасы Советтер союзунун баатыры Мукаш Салакуновдун жаркын элесине арналган № 52 орто мектеп даярдаган иш-чарага катышышты.

Мектеп окуучуларынын даярдаган майрамдык концерттик программасынан кийин, Элчилик Днепр шаарындагы ардагерлерди Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 74-жылдыгы менен куттуктап жана аларга белектерди тапшырды. Ошондой эле, мектептин Улуу Ата Мекендик согуштун музейине М.Салакунов жөнүндө иш-кагаздар тапшырылып, ал эми окуу жайдын китепканасына Элчилик тарабынан украин тилине которулган “Манас” эпосу, Ч.Айтматовдун чыгармалары жана “Кыргыз Эл жомокторунун” жыйнагы белек катары тартууланды.

          Маалымат катары: Днепр шаарынын көчөлөрүнүн бирине Советтер Союзунун баатыры М.Салакуновдун ысмы ыйгарылган. Днепр шаарындагы № 52 орто мектеп дал ошол көчөдө жайгашкан.

 

8 мая 2019 г. Посольство Кыргызской Республики в Украине, представители общественного объединения «Тосор Коому» (Иссык Кульской области) и кыргызская диаспора Днепропетровской области приняли участие в мероприятии, организованное средней школой № 52 в честь памяти Героя Советского союза Мукаша Салакунова.

После праздничной концертной программы, организованной учащимися школы, Посольство поздравило и вручило ветераном г.Днепр подарки по случаю 74-й годовщины Великой отечественной войны. Также в школьный музей ВОВ были переданы материалы о М.Салакунове и библиотеке — эпос «Манас», произведения Ч.Айтматова и сборник «Кыргызских народных сказок», изданные Посольством  на украинском языке.

          Справочно: Одна из улиц города Днепр носит имя Героя Советского Союза М.Салакунова. Средняя школа № 52 г.Днепр находится на улице   им. М.Салакунова.

Фото: